Баткенде айыл чарбасын өнүктүрүүгө 11 млн АКШ доллары жумшалат

0
690

Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Президенттинин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев АРИС уюмунун эксперти Азамат Мукашевди жана АгроВей компаниясынын жетекчиси Кайыркүл  Казылаеваны кабыл алды. Тараптар жолугушууда Баткен облусунун климаттык шартын, жарандардын турмуштук абалын эске алуу менен, айыл чарбасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын талкуулашты.

АРИС Баткен облусун өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк Банк тарабынан колдоого алынган чоң программанын  айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорун ишке ашырат.

Алгач AgroWay компаниясы  аймактын айыл чарбасынын жана агробизнесинин потенциалына комплекстүү изилдөө жүргүзөт.

Баалоонун жыйынтыгы менен айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары тандалып, долбоор ишке ашат.

Долбоордун алкагында 11 млн АКШ доллары  Баткен облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жумшалат.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк Банк Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50млн доллар  бөлгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here