Акыркы учурларда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө мыйзамсыз бир нече жолу кирип-чыккан жарандар аныкталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат.
Бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен милиция кызматкерлери бир нече жолу тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 3 ай аралыгында чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү боюнча 10 факт катталып, кармалган жарандарга кылмыш иши козголгон.
Бул тууралуу Салам Медиага облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.