Бүргөндүдөгү газ кампаны иштетүү боюнча кыргыз-өзбек жолугушуусу өттү

0
813

Кадамжай районунун Бүргөндү аймагындагы  жер астында жайгашкан  газ кампасын  калыбына келтирүү, Өзбекстан менен биргелешип пайдалануу  максатында эки мамлекеттин ведомстволор аралык жумушчу тобу 10-апрелде Кадамжай районунда жолугушту. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга кыргыз тараптан Энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев, Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, «Кыргызтранснефтегаз»  мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Сүйүнтбек Аликеев баштаган жумушчу топ катышты.  

Бүргөндү массивиндеги жер астындагы газ кампа Кыргызстандын Энергетика Министрлигинин алдындагы «Кыргызтранснефтегаз»  мамлекеттик мекемесинин карамагында турат. 

Белгилей кетсек, буга чейин 2023-жылдын март  айында Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон иш сапарында эки өлкөнүнүн Энергетика министрликтери Кыргызстандын  менчигинде турган газ кампаны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн изилдөө, калыбына келтирүү долбоорун даярдоо боюнча документке кол коюшкан.  

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here