Кайрымдуулук айынын алкагында 61 балага жардам берилди

0
595

12-апрелде “Кайрымдуулук” айынын алкагында жергиликтүү бийлик “Баткен Ыйман Нуру”  коомдук фонду менен биргеликте  Баткен шаарында кайрымдуулук иш чарасын уюштурду. Облустук бийликтин маалыматына караганда, иш чарада  ата-энесинен ажыраган 61 балага  окуу куралдары жана акчалай жардам берилди.

Аны менен катар ата-энесинен ажыраган үч балага өкүл ата, өкүл эне дайындалып, сертификаттар тапшырылды. Алар мындан ары  балдарды өз камкордугуна алышат. 

Буга чейин өкүл ата, өкүл эне болуп, балдарды камкордукка алып келген жарандарга, облус башчысынын Ыраазычылык каттары  тапшырылды.

Ошондой эле Президенттин облусдагы өкүлүнүн атынан “Баткен Ыйман Нуру” коомдук фондуна акча каражаты берилди.

Кайрымдуулук иш чаралары мындан ары да улантылат.

Эскерте кетсек, ыйык Орозо айы Баткен облусунда “Кайрымдуулук” айы деп жарыяланган. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here