Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы дагы токтотулду

0
1553

Бул тууралуу “Баткен”аэропортунан билдирди. Маалыматка таянсак, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 1-апрелден учуу токтотулган. Капиталдык оңдоо иштери бир ай аралыгында бүткөрүлүп ишке берилет.

Белгилей кетсек, аэропорт 2022-жылдын  1-августунан баштап жети ай  оңдоо иштерине байланыштуу жабылган. Кайра үстүбүздөгү жылдын февраль айында  учактар уча баштаган эле.

Бишкек-Баткен-Бишкек багытындагы аба каттамы жумасына бир ирет, шейшемби күнү болуп турган. Аны “Тез Jet” авиакомпаниясы ишке ашырып келет. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here