Кызыл-Кыяда турак үйдөн өрт чыкты

0
538

11-апрель күнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен үй буюмдары жана эки бөлмө күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт өчүргүчтөр саат 12:53тө окуя болгон жерге барып бир сааттын ичинде өрттү толугу менен өчүрүшкөн.

Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 40 чарчы метр 2 бөлмөсү жана үй-буюмдары күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here