Кыргызстандын коопсуздук кызматкерлери Түркияда дрон колдонууну үйрөндү

0
1288

Кыргызстандын коопсуздук кызматкерлери «Акынжы» дронун жана башка аскердик техниканы колдонууну үйрөнгөнүн Түркиянын Baykar компаниясына таянып Эркин Европа/Азаттык медиасы жазып чыкты.

Компания Түркияда кыргызстандык, түркиялык жана азербайжандык коопсуздук кызматкерлери учкучсуз учактарды колдонуу үчүн атайын курстан өткөнүн 8-апрелде Фейсбуктагы баракчасында жарыялаган.

«Анадолу» агенттигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 96 курсант абадан коргонуучу аскердик техникасын башкарууну үйрөнүп, аларга сертификаттар тапшырылды.

«Түркия, Азербайжан жана Кыргызстандын коопсуздук күчтөрүнүн жүктөө оператору, техник, башкаруу станциясынын оператору жана курал оператору болуп иштей турган 96 курсанты окуусун ийгиликтүү аяктады», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстан Туркиядан абадан коргонуучу «Аксунгур», «Акынжы», «Анка» аскердик техникасын,  «Байрактар» учкучсуз учактарын алганы расмий маалымдалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here