Баткенде мыйзамсыз ташылган жүк аныкталды

0
836

Баткенде 3 тоннага жакын контрабандалык жер семирткичти ташып чыгуу фактысы аныкталды.Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын аймагынан 28 жаштагы кыргыз жаранынын башкаруусундагы унаадан эч кандай коштоочу документтери жок, жалпы салмагы 3 тоннага жакын “карбамид” минералдык жер семирткич табылган. Бул унаа минералдык жер семирткич түрүндөгү жүктү коңшу мамлекеттерге жиберүү үчүн Лейлек районуна бара жаткан.

Бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here