Нөшөрлүү жаандан улам жабылган СОХ – КАН – ЗАРДАЛЫ жолу тазаланды

0
683

Нөшөрлүү жаандан улам жабылган СОХ – КАН – ЗАРДАЛЫ жолу кум-шагылдардан тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу Салам Медиага  ӨКМдин Баткендеги башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине №2 жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор тартылып, натыйжада  саат 09:00дө унаа жол толук тазаланып, каттам эки тараптуу ачылган.

Эске салсак, кечээ 10-апрелде жаап өткөн жаандын кесепетинен Дара айыл аймагына жакын жайгашкан  кокту-колоттордон сел суулары агып, Сох – Кан – Зардалы  унаа жолунун 10-11-чакырым аралыгын кум-шагылга толтурган. Мындан улам унаа жол убактылуу жабылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here