Баткендик кыз таяк тартыш боюнча Кыргызстандын чемпиону аталды

0
688

Кадамжайлык Сайкал Ниязова таяк тартыш боюнча Кыргызстан чемпиону болду. Бул тууралуу Салам Медиага спортчу Сайкал Ниязованын апасы Сейитова Гүлнара билдирди.
Анын айтымында, 8-апрелде Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Кыргызтандын таяк тартыш боюнча 7-чемпионатында жеңишке жетишкен. Ал 70 кг салмактагылар арасында күч сынашты.

Сайкал Ниязова таяк тартыштан сырткары кол күрөш менен да машыгат. Ушул жылдын 25-26-март күндөрү борбор калаада өткөн республикалык мелдеште 75 килограммга чейинки салмактагы спортчулар арасында чемпион аталган.

Сайкал Ниязова 2005-жылы Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Тамаша айылында төрөлгөн.

Учурда ОшМунун дене тарбия факультетинде 1-курсунун студенти. Эске сала кетсек Сайкалдын апасы Гүлнара Сейитова да спортчу, Тамаша айылындагы Акжол Камбаров атындагы мектептин дене тарбия мугалими.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here