Баткенде электр зымдарынын чыңалуусунан сарай өрттөндү

0
705

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак,  9-апрелде Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Интернационал  айылынын Тынчтык көчөсүндө жайгашкан сарайда өрт чыккандагы тууралуу маалымат түшкөн. 

Өрт өчүүгө саат 15:23тө Лейлек райондук №108 өрткө каршы бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп тартылды. Өрт өчүрүүчүлөр саат 15:46да чектөөгө алып, саат 16:22де толук өчүрүштү.

Өрттүн жалпы аянты  72 чарчы метрди түздү. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Ал эми өрт кырсыгы электр зымдарынын кыска чыңалуусунан жаралган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here