Балбан Акжол Махмудов 3-жолу Азия чемпиону болду

0
612

Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов өзүнүн категориясында жеңүүчү аталды.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта килемге чыккан Махмудов чейрек финалда түркмөнстандык Жейхун Овездурдиевди 9:0, жарым финалда жапониялык Кодаи Сакурабаны 9:1 эсебинде жеңди. Финалда ирандык Амин Явар жаракат алгандыгына байланыштуу жеңиш Акжол Махмудовго ыйгарылды.

24 жаштагы Акжол Махмудов ушуну менен 3-жолу Азия чемпиону болуп калды. Буга чейин ал 2018-жылы жана 2022-жылы Азия чемпионатын уткан. Ошондой эле Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Дүйнө чемпиону.

Бүгүн 10-апрелде грек-рим күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өтөт. Кыргызстандан бул күнү Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (72 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) күч сынашат. Андан соң эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар болот.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 16-апрелде аяктайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here