Облустук бийликтин маалыматтына караганда, учурда Баткен районунун чек арага чектеш аймактарында АРИС уюму тарабынан 3 мектеп жана 2 бала бакчанын курулушу башталды.
Алар, Ак-Сай айылында 275 орундуу мектеп жана 75 орундуу бала бакча .
Көк-Таш айылында 50 орундуу бала бакчанын курулушу.
Кызыл-Бел айылындагы Масалиев орто мектебинин 150 орундуу кошумча корпусу.
Кара-Бак айылындагы Б.Нарматов орто мектебинин 100 орундуу кошумча корпусу курулуп баштады.