Лейлекте аз камсыз болгон 96 үй-бөлөгө жүз миң сомдон берилди

0
582

Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолу берилүүчү социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында, 8-апрелде Лейлек районунда 96 үй-бүлөгө 100миң сомдон тапшырылды.

Мамлекеттик бул долбоордун максаты, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгуусуна түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, бул күнү буга чейин 100миң сомдон социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн,ишкерликтин алкагында өндүргөн продукцияларынын көргөзмөсү болду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here