Баткен районунун Кара-Булак айылында Суу-Башы каналынын курулушу жүрүүдө

0
864

Узундугу 2,5км болгон канал жергиликтүү эл жана бей өкмөт уюмдардын биргелешкен аракети менен курулууда. Иштин жүрүшүнөн КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алды.

Президенттин Баткен облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, курулушка “Дүйнөлүк Эмират” кайрымдуулук уюму тарабынан 55 миң АКШ доллары каралган. Ал эми Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1,5млн сом бөлүнгөн.

Мындан сырткары жергиликтүү демөөрчүлөр да ири өлчөмдө каржылык колдоо корсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Курулуш иштерине айыл жаштары да көмөктөшүүдө.

Белгилей кетсек, калктын өсүүсү жана сугат аянттарынын кеңейүүсүнүн натыйжасында Кара-булак айылында суу таңкыстыгы жаралган.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн эскилиги жеткен канал толугу менен кайра курулууда. Каналдын кайра курулушу менен, сууну үнөмдөөгө жана максаттуу пайдаланууга болот. Анткени сууну жоготуу 50%га жеткен болчу. Каналдын курулушун ушул жылы 15-майга бүткөрүү пландалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here