Ошто жарамазан айткан балдардын ата-энелери айыпка жыгылды

0
1025

Ош шаардык милициясы «Кароосуз калгандар» деген аталыштагы ыкчам профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, түнкүсүн өз алдынча жүргөн 116 өспүрүм аныкталганын кабарлады.

Алардын арасында коомдук жайларда, көчөдө жарамазан айтып жүргөн балдардын ата-энелерине Укук бузуулар кодексинин эки беренеси боюнча (74-102) айып салынды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, балдардын реабилитациялык борборуна 53 өспүрүм жеткирилсе, 14 бала ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Шаардык милиция ушундай багыттагы профилактикалык иш-чаралар уланып жатканын билдирүүдө. Ата-энелерди балдарды көзөмөлгө алууга чакырып, жарамазан айтып, коомдук жайларда акча сурап, жол кыймылына тоскоол болушуна жол бербөөнү эскертти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here