Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, Кара-Бак айыл аймагындагы май куюучу жайдын короосунда сары түстөгү скотч менен оролгон 9 даана таңгакталган “гашиш” табылган. Бул маңзат 9кг ашык салмакты түзгөн.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кармалган жаран Орусияга маңзат ташууну уюштуруп жүргөнү маалым болду. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары камакка алынды.
Учурда министрликтин түштүк башкармалыгында өлкө боюнча баңгизаттардын жеткирүү жана сатуу каналдарын жоюу боюнча ыкчам иштерди уланып жатат.