Кадамжайдын Бирлик айыл аймагында сел коркунучунан коргонуу боюнча иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министлигинин Баткендеги башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда Сур сайында механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Тазалоо иштери аяктаса аталган айыл аймактан 32 турак үй, 16 гектар жер участкалары, төрт чакырым ички чарбалык жолдор жана 3200 метр ички чарбалык арыктар тазаланат.