Бул тууралуу Раззаков шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-августтан тартып Топ-Терек аймагында жаңыдан курулган муниципалдык мал базар пайдаланууга берилет.
Мал базар ар аптанын шаршемби күнү саат 15:00дөн тартып, бейшемби күнү саат 15:00гө чейин иштейт.
Муниципалдык мал базар бир ай акысыз иш алып барат. Ал эми 3-октябрдан баштап кирген мал жандыктар үчүн төлөм алуу башталат.
Муниципалдык мал базарга баруу үчүн атайын Лейлек автобекетинен ар аптанын шаршемби күнү саат 15:00дөн тартып, бейшемби күнү саат 15:00гө чейин түз каттам жүргүзүлөт, – деп жазылат маалыматта.