Ак-Сайдагы тоок ферманы калыбына келтирүүгө 30 миллион сом берилди

0
2684

Бул тууралуу тоок ферманын жетекчиси Адилет Абдивалиев бүгүн “Салам Медиага” билдирди. Жеке ишкерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жеңилдетилген насыя берүүнү убадалаган. Ишкерге 14-декабрда жети жылдык мөөнөт менен 30 млн. сомдук жеңилдетилген насыя берилди.Мындан улам ишкер тоок фермасын кайра калыбына келтирип, 2023-жылдын жай айларында ишке киргизүүнү пландап жатат.

Баткен районунун Ак-Сай айылында 30 миң тоогу бар фермага быйыл 16-сентябрдагы калабада тажик тараптан атылган снаряд түшүп, толугу менен өрттөлүп кеткен. Ощондой эле тоок ферманын кожоюну Матиса Надиров тажик баскынчылары тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маркум ишкердин 9 миллион сомдук насыясы жоюулганын жана атасынын ишин улантып, мындан дагы чоң ферма куруш үчүн уулу Адилетке каржылык жардам көрсөтүлөрүн билдирген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here