Чек арада жабыркаган 333 ишкердин насыясы жоюулду

0
1719

Ушул айдын алгачкы жумасына карата финансы-кредит уюмдарына 476 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 25 млн. сомго жакын 333 насыя жоюулган, 53 491 млн. сомдук 202 насыянын келишимдик шарттары өзгөртүлгөн, же болбосо төлөм мөөнөтү кийинкиге жылдырылган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов бүгүн “Салам Медиага” билдирди.

Сейитовдун айтымында, учурда финансы-кредит уюмдары жабыркаган насыя алуучулардан келип түшкөн арыздарды кароону жана банк мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүнү улантып жатат.

Быйыл сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Баткен жана Лейлек райондорунан 258 ишкер жабыр тарткан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here