Баткенде мектептер карантинге жабылган жок

0
1875

Сасык тумоого байланыштуу Баткен облусунда мектептер карантинге жабылган жок. Бул тууралуу “Салам Медиага” Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунан билдиришти. Учурда санэпид көзөмөл борбору облус аймагындагы мектептерге мониторинг жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгына караганда, азырынча мектептерге окуучулардын келүүсү 90 пайыздай болуп жатат жана жабууга зарылдык жок.

Ошол эле учурда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстан боюнча карантинге жабылган мектептердин саны 240ка жеткенин Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда Чүй облусунда – 32, Талас облусунда – 111, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 6, Ош облусунда – 12 жана Бишкек шаарында – 32 мектеп карантинге жабылган. Бул мектептерде азыр окуу онлайн форматта жүрүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, жергиликтүү санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору карантинге жабуу тууралуу бүтүм чыгарган мектеп жана бала бакчалар гана карантинге жабылат. Өлкөдө акыркы бир жумада сасык тумоо жана курс респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын саны 1,5 эсеге көбөйүп кеткен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here