Баткенде сасык тумоого байланыштуу эки бала бакча жабылды

0
2216

Бул тууралуу Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарындагы “Балалык” жана “Мурас” балдар бакчасы тарбиялануучулардын 20 пайыздан жогоркусу ооругандыгына байланыштуу бакчага келген эмес. Мындан улам бир жумага балдар бакчасынын ишмердүүлүгү убактылуу токтоду.

6-декабрдан 13-декабрга чейин Раззаков шаарындагы “Наристе” бала бакчасында да сасык тумоого байланыштуу балдардын катышуусу 36,6% болгондуктан жабылган. Бүгүндөн тарта аталган бала бакча карантинден чыкты.

Учурда санэпид көзөмөл борбору облус аймагындагы мектептерге да мониторинг жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгына караганда, азырынча мектептерге окуучулардын келүүсү 90 пайыздай болуп жатат жана жабууга зарылдык жок.

Эки аптадан бери облус аймагында 1504 сасык тумоо учуру катталып, алардын 759 учуру  беш жашка чейинки балдар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here