Бүгүн эл аралык деңгээлде өтүп жаткан гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында жүрүп жаткан “Өзгөрүүлөр кербени” Баткен шаарына келди. Баткен мамлекеттик университетинде өткөн жыйында ар кыл тармактарада өз ордун тапкан, өлкөгө таанымал аялдар сөз сүйлөп, иш чара “Кызга кырк үйдөн колдоо” деген ураан астында өттү. “Өзгөрүүлөр кербени” өлкөдөгү аялдарга, кыздарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо максатын көздөйт.
Бул иш чара буга чейин Ош, Жалал- Абад облустарында өткөрүлгөн. Үч күндүк баарлашуунун алкагында, үч облустан 700гө жакын жаштар чогулган.