Кыргыз-Тажик чек арасынын 94% такталды

0
486

Кыргызстандын Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасынын 94% такталганын ырастады. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда  өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдиргенин  “Азаттык” жазып чыкты. Бөрүбаевдин айтымында, чечиле элек 6% тилке Баткен районунун татаал жерлеринде.

Маалыматта 11-17-августта эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топтору жолугушуп, калган жерлерди тактоо аракетин көрүшөрү, бул жолугушуунун максаты — чек арадагы такталбаган тилкелерди тактоо экени айтылат.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров мурдагы жылдын аягында Баткенге келгенде, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталарын  билдирген болчу.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2022-жылы президенттер жолуккан учурда, бул аралыктагы 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын маалымдашкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here