Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына таянсак, Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгүн аныкталды.
Ушул жылдын 21-июлунда Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңги тобунун мүчөсү, өзбек жараны кармалган.
Жалпы салмагы 15 килограммды түгөн базар баасы 6 млн 500 миң сом болгон 15 брикет кара куурай чайыры (гашиш) алынган.
Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө — деп айтылып маалыматта.