Көк-Теректе Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин орун басарлары жолукту

0
456

Бүгүн, 30-июлда Баткен районунун Көк-Терек жерлигинде район акиминин орун басары Таалайбек Ибраимов жана Тажикстандын Исфара районунун акиминин орун басары Мухаммад Мухидинзоода  баш болгон эки тараптуу  жолугушуу өттү. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда 10-14 июль күндөрүндөгү селдин кесепетинен   Көк-Терек жерлигиндеги Исфара районунун Чорку айылы менен  чектешкен  аймакта бузулган авто унаалар өтүүчү  көпүрөнү калыбына келтирүүнү жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылындагы курулушу бүтпөй калган көпүрөнү толук бүтүрүп алуу жагы талкууланды.

Мындан сырткары жолугушуунун жүрүшүндө  чек ара,  сугат суу маселеси эки тараптуу каралып, суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуулар зарылдыгы белгиленип, макулдашылбаган аймактарда курулуш иштерин  жүргүзбөө жана эки элди  провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин  жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here