Баткендик Эрнист суу да жүрүүчү дрон ойлоп тапты

0
195

Баткендик жаш ойлоп табуучу Эрнист Айдарали уулу Filterfish аталышындагы сууда сүзүүчү дрон ойлоп тапты.  

Filterfish дрону суучулдардын ишин жеңилдетип, 200 метр тереңдикке чейин сүзө алат. Негизинен, сууга чөгүү фактыларында колдонууга болот жана суу астындагы тарыхый баалуулуктарды аныктоого жардам берет.

Айдарали уулу бүгүн, 29-июлда аталган суу астында жүрүүчү дронду ыктыярду түрдө ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборуна тапшырды.

Эрнисттин буга чейин абадан суу алуучу жабдыгы жана башка бир нече ойлоп табуулары бар. Ал Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here