Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймагында беш чакырымдан ашуун жер астынан сызылып чыккан суунун нугу тазаланууда. Бул тууралуу шаардык бийликтин басма сөз катчысы Аскар Баймуратов билдирди.
Маалыматка караганда, бул аракет көп жылдан бери тазаланбаган суунун нугуна багытталган. Муну менен 100 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жердин кыртышын сактоо жана 500 дөн ашуун жеке турак үйлөрдү нымдан сактоо максатында жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө беш чакырымдан ашуун жер тазаланды, алдыда дагы беш чакырым суу нугун тазалоо иши жүрүүдө, – деп жазылат маалыматта.