Баткендин Көк-Терек айылында көпүрө бузулуп, каттам токтоду

0
304

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Терек айылындагы Достук – Ак-Сай унаа жолунда көпүрө бузулуп, жол жабылды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымат таратты.

Ага ылайык, учурда биргеликте көпүрөнү калыбына келтирүү иштери боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

10-июлда Баткен жана Лейлек райондорунда сел жүрүп, Айгүл-Таш-Согмент-Таян,  Сох-Кан-Зардалы, Коргон-Катран-Баул жана Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдары менен ушул эле жолдун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу жабылган.

Азыркы тапта  Баткен-Боз-Адыр жолу эки тараптуу ачылып, калган унаа жолдордо бир тараптуу каттам жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here