Кечээ 10-июль күнү кечинде Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкелеринде сел суулары турак үйлөргө жана ички чарбалык жолдорго кирип, Баткен районунда “өзгөчө кырдаал” режими кирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, сел жүргөн аймактан 100дөн ашуун тургун коңшу айылга көчүрүлдү. Аталган жерликте 11-июлга карата 121 куткаруучу жана 30дай техника иштеп жатат.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда быйыл жалпысынан 230дан ашуун сел жүрүп, андан 17 адам көз жумган. Анын он чактысы балдар.