Баткенде “Золотая жизнь” анар суусундугу сатыктан алынууда 

0
396

сүрөт:Интернет
Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунун маалыматына караганда, облустун Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларында жана Лейлек районунун Кулунду айылындагы дүкөндөрдө Авганистанда өндүрүлгөн “Золотая жизнь” аталышындагы анар ширеси сатыктан алынууда. Бул чечим калктын, балдардын ден соолугун коргоо максатында кабыл алынган.

Сатыктан алынып жаткан суусундуктун курамында азорубин Е 122 боёгу бар экени аныкталган. Лабораториялык изилдөөлөргө ылайык, бул боёк балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. 

Учурда текшерүүлөр уланып, облусунун башка аймактарында да жүргүзүлөт, — деп жазылат маалыматта

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here