Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында сел кесепеттерин жоюу иштери толугу менен аяктап, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, 24-июнда Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай жана Баткен райондорунун айрым айылдарда сел жүргөн. Мындан улам, 26-июнда айылдарда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу.