Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда, «К.А.Т.». инициалындагы жарандын башкаруусундагы «MERCEDES-BENZ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган.
Текшерүү учурунда жүктө бажылык коштоочу жана тариздөөнү тастыктаган документтери жок, Өзбекистанда өндүрүлгөн, жалпы салмагы 2787 кг түзгөн үй-тиричилик жана сантехника буюмдары, ошондой эле суусундуктар товарлары табылган.
Кармалган товардын суммасы 511 миң 320 сомду түздү.
Чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди — деп жазылат маалыматта.