Баткенде жалган декларация менен товар алып өтүүнү көздөгөн өзбек жараны кармалды

0
532

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдирди.

Маалыматка таянсак, Баткен бажысы товарларды жалган декларация менен бажы чек арасы аркылуу алып чыгууга аракет кылган өзбек жаранын башкаруусундагы «Hyundai-Porter II» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алган. 

Текшерүү учурунда декларацияда көрсөтүлбөгөн товарлар кокос майы 3000 кг, сагыз 969 кг, тамак-аш майлары 60 кг, кургак сүт 200 кг, кондитердик азыктар, ар түрүү даамдагы сироптор, продукциянын этикеткалары жана штрих коддор табылган. Бирок декларацияда 60 куту сагыз, 150 куту маргарин майы жана 10 таңгактагы кургак сүтү көрсөтүлгөн. 

Товарлардын жалпы салмагы 4392,8 кг чыгып, жүктүн жалпы баасы 2 714 350 сомду түзгөн.

Чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here