Кадамжай районунунда «Ж.М.К.» инициалындагы тургундун башкаруусунда унаанын жүк бөлүгүнөн 40 миң даанага жакын маркировкасыз, жүк коштоочу жана бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери жок тоок жумурткалары табылган.
Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, автоунаа каражаты «Кайырма+Дума» ЖЧКсынын аймагына убактылуу сактоо үчүн киргизилип, товар ветеринардык-санитардык талаптарына ылайык чара көрүү үчүн Баткен райондук ветеринардык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.