Кадамжайда 17 турак үй жана 5 гектар огород участкасы селден корголот

0
61

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, учурда Майдан айыл аймагындагы Чокой-Сай жана Ак-Чечек сел өткөрүүчү сайына габион торчосу орнотулууда.

Ошондой эле, сай жээги бекемделген соң, аймакта 17 турак үй, 5 га огород, 100 метр ички чарбалык жол жана 200 метр ички чарбалык арык сел коркунучунан коргоого алынмакчы — деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here