Кызыл-Кыяда гүл өстүргөн күнөскана курулду

0
378

Кызыл-Кыя шаарында декаративдүү гүлдөрдү жана бадалдарды өстүрүү үчүн күнөскана курулду. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул аракет жыл сайын шаарды көрктөндүрүүдө каражатты үнөмдөйт жана сапаттуу көчөттөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзөт.    

Кунөсканага облусту өнүктүрүү фондунан 3 млн сом жумшалып, күнөскананын биринчи этабы бүткөрүлдү. Алдыда жергиликтүү бюджеттин эсебинен, жылытуу системасы жасалат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here