Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 43-чакырымындагы Чили-Сай көпүрөсүн калыбына келтирүү иштери жүрүп, каттам жанданды.
Азыркы тапта да калыбына келтирүү, бекемдөө иштери уланууда.
Ошондой эле буга чейин Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы убактылуу көпүрө да калыбына келтирилип, каттам жанданган.
Эскерте кетсек, 30-июнда селдин кесепетинен аталган жолдогу эки көпүрө жабыркап, жол каттамы үзгүлтүккө учураган.