Бизнес өкүлдөрү пайызсыз насыя алса болот

0
671

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлү Абдикарим Алимбаев “Жеке жана каржылык секторду ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында Каржы министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Анда “Жеке жана каржылык секторду ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында берилүүчү пайызсыз насыянын шарттары туурасында маалымат берилди.

Долбоордун максаты — пандемиянын натыйжасында түзүлгөн оор экономикалык абалда ишкерлерге көмөк көрсөтүү менен жумуш орундарын сактап калуу болуп саналат.

Ошондой эле бул долбоорго катышуу үчүн талап кылынган 2 категориядагы критерийлер каралган. Алар,

Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер

Жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар

Ал эми долбоор тарабынан берилүүчү каржылык жардамдын суммасы:

1-категория үчүн- 250 000 сомго чейин

2-категория үчүн- 1 000 000 сомго чейин

Негизинен бизнес өкүлдөрү  аталган суммалар боюнча пайызсыз 18 айга чейин насыя алышат. Башкача айтканда үстөк пайыз кошулбай, негизги сумманы гана кайтарат.

Бул иштерди аткаруу үчүн төмөнкү банктар менен келишим түзүлгөн:Алар

  • «Айыл банк»;
  • «РСК банк»;
  • «ФинансКредитБанк»;
  • «Кыргызстан коммерциялык банкы»;
  • «Борбордук Азиялык Капитал банкы».
  • «Халык Банк Кыргызстан»;
  • «Керемет банк» ;
  • «Дос-Кредобанк».
  • «Бакай банк»;
  • «Кыргызкоммерцбанк»;

Толук маалыматты жогорудагы банктар аркылуу тактап алууга болот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here