Баткенде бир күндө үч аткезчилик фактысы катталды

0
648

25-апрелде Баткен облусунда, аткезчилик жол  менен Тажикстанга жүк алып кирүүгө аракет кылган үч учур аныкталганын  Чек ара кызматынан билдиришти.

Алар  Лейлектин 37 жаштагы тургуну автоунаасы менен 700 кг. кир самынды документи жок чек арадан өткөрүүнү көздөгөн.

Ошондой эле Баткен районундагы Ак-Таш тилкесинде , жергиликтүү тургун Тажикстанга 1 тонна селитра алып өтүүгө аракет кылган.

Ал эми  Лейлек районунда 500 кг ашык шириндиктер менен кир самын алып жөнөгөн жаран кармалган. Жүктөрдүн болжолдуу  суммасы жарым млн. сомду түзөт.

Чек ара кызматы аткезчилердин  ишин укук коргоо органдарына өткөрүп берген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here