Издөөдө жүргөн тажик жараны Лейлектен кармалды

0
957

Лейлек районунун аймагында Лейлек милициясы тарабынан “Арсенал” иш-чарасы уюштурулуп,2018-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды.

Ал Тажик Республикасынын Согди облусунун  Гафуров районунун 40жаштагы тургуну   Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылы мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана контрабанда беренелери менен кылмыш жасаган.

Ал 27-апрель күнү Лейлек районунун аймагында жүргөн жеринен аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди деп билдирди облустук милициянын маалымат кызматы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here