Баткен облусунда 59 балага жардам берилди

0
775

Баткен шаарында «Баткен Ыйман Нуру» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.

Анда  Баткен районунун жана шаарынын аймагынан келген жалпы 59 балага фонд тарабынан кийим-кече жана акчалай жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары, балдарга Баткен облустук китепканасы тарабынан кызыктуу китептер белеке берилди.

Ошондой эле фонд тарабынан шайланган балдардын өкүл ата-энелери тарабынан да белектер тапшырылды.

Облустук өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында жалпысынан ата-энесинен ажыраган 143 бала болсо, 4 миң 349 жарым жетим балдар бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here