27-апрелде, Бишкек-Торугарт айланма автожолунда женил унаа менен КамАЗдын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул боюнча Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
ЭлТР телеканалынын кызматтык унаасы — a чыгыштан батышты көздөй бара жатып, алдында кетип бараткан КамАЗды артынан сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен ЭлТРдин кызматтык унаасынын айдоочусу жеринде көз жумган. Ал эми жеңил унаанын эки жүргүнчүсү Кант шаардык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен тез жардам кызматы аркылуу жеткирилди.
Аталган факты каттоого алынып, унаалар айып токтоочу жайына токтотулган деп айтылат маалыматта.