Чек арадагы куралдуу жаңжалга бир жыл

0
530

2021-жылдын 28-30 апрель күндөрү, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында орун алган куралдуу кагылышуудан 36 жараныбыз курман болгон. 173 жараныбыз ар кандай жаракат алып, азыркы убакка чейин дарыланып келишет.

Аймак материалдык жактан да олуттуу зыян тарткан. 136 турак үй, 84 обьект жабыркаганы маалымдалган. Жалпы Баткен облусу боюнча келтирилген зыяндардын болжолдуу  суммасы бир миллиард үч жүз миллиондон ашканы айтылган.

Облус элинин башына түшкөн оор күндөрдө жалпы кыргыз эли, дүйнө коомчулугу ар тараптуу зор колдоо көрсөткөн.

Бир жыл аралыгында, чек арада өрттөлгөн 140 турак үй толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Кагылышууда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө да үйлөр курулуп тапшырылды.

Чек арадагы облуска мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурула баштады. “Баткен облусунун статусу жөнүндө”  мыйзамы кабыл алынып, ишке кирди. Ага ылайык 2022-жылдын 1-мартынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга ай сайын 1000 сом өлчөмүндө, Баткен облусунун чек ара аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлерге 2000 сом өлчөмүндө кошумча компенсация төлөнө баштады.

Баткен облусун өнүктүрүү максатында жылына 500 млн сомдон акча каражаты бөлүнүп бериле турган болду.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Чек арадагы куралдуу жаңжалдын бир жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Анда, өлкө башчысы Мамлекеттин бүтүндүгү менен коопсуздугун сактоого ант берген өлкө жетекчиси катары, чек ара маселелерин чечүүдө кыргыз элинин улуттук кызыкчылыктарын жогору коюп, кошуна мамлекеттин дагы казыкчылыгын жана бүтүндүгүн урматтоо менен иш алып бара тургандыгымды баса белгилейм.Буга менин саясий эрким жетет, деди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here