Сүлүктүдө кайрымдуулук текчеси ачылды

0
277

Сүлүктү шаарынына караштуу Кольцо аймагында калктын аярлуу катмарындагы адамдарга гуманитардык жардам кѳрсѳтүү максатында азык-түлүк текчеси ачылды.Бул туралуу маалымат шаардын фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Азык-түлүк текчесинин ачылыш аземине шаар мэри Максат Кадыркулов баштаган жетекчилер, шаар тургундары  катышышкан.

Азык түлүк текчени ачууга  «Сүлүктү автомектебинин» жетекчиси Малика Кыдырова демөөрчүлүк кылган.

Ал эми текчени азык-түлүк менен толтуруу  шаардык кенештин жана мэриянын аппарат кызматкерлери тарабынан камсыздалды.

Эскерте кетсек, буга чейин мындай социалдык текчелер шаарыбыздын 3 жеринде ачылган.

Кайдыгер эмес тургундарды мүмкүнчүлүккө жараша ушул текчени улам толуктап турууга чакырабыз деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here