Муктаж үй- бүлөлөргө азык түлүк таратылат

0
439

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги муктаждарга 4 тоннадан ашуун азык-түлүк бөлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин  басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүнгөн азык-түлүк ун, кумшекер, күрүч, туз, чай, макарон, өсүмдүк майы, томат пастасы, тез даярдалуучу кесме жана таттуулардан турат.

Белгилей кетсек, азык-түлүк “Азиздер жана дүлөйлөр коому” жана “Хадича” кайрымдуулук фонду тарабынан муктаж үй-бүлөлөргө таратылат,деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here