Өлкө аймагында макротомия, арнебия, ясенец, аконит, афлатун пиязы өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн жыйноого жана дары-дармек, тамак аш өсүмдүк сырьесун даярдоого үч жылга убактылуу тыюу салынды.
Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.
Бул боюнча Министрлер кабинетинин өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө 2024-жылдын 28-майындагы токтому чыкты.
Тыюу салуудан максат, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьекттерин сактоо жана көбөйтүү экендиги айтылат маалыматта.