Зомбулук көргөн эки жаштагы наристе кыз өткөн жума күнү оорукана түшкөн. Облустук оорукананын жетекчиси Арзыбек Бөрүбеков “Салам Медиага” берген маалыматында ал чүрпө бүгүнгө чейин жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Ал 7-июнь күнү саат 09:19 чамасында эс-учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кыздын таянеси өгөй атасы сабаган деп милицияга арыз менен кайрылган.
Бүгүн 12-июнда нарситени сабоого шектелип өгөй атасы кармалды. Милиция окуяны иликтеп, жазык кодексинин “Уруп-сабоо, кыйноо” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Белгилеп кетсек, ички иштер министрлигинин маалыматына караганда Кыргызстанда 2024-жылдын беш айында үй-бүлөдөгү зомбулук фактысына байланыштуу 5153 учур катталган.
Ушуга окшош окуя, май айында чүй облусунда да 3 жашар кыз өгөй атасынан зомбулук көргөн учур каттого алынган.