Кадамжайда Халмион базары өрттөндү

0
1000

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн, 1- апрелде түнкү саат 02:29лар чамасында Кадамжай  районунун Жеңиш айылында жайгашкан Баяман баатыр базарында контейнерден өрт чыккан. 

Өрттү өчүрүүгө үч күжүрмөн эсеп тартылып, саат 07:01 толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоо эки миң 380 чарчы метр аянтты камтыган. 

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда. Кырсыктан жабыр тарткандар катталган эмес.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here